Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп Самат Насирдинов дайындалды. Бул тууралуу Статкомдон кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, президенттин башка тескемесине ылайык Николай Чуйков Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
Самат Насирдинов ушул жылдын февраль айынан 9-декабрга чейин Улуттук статистика комитетин жетектеген.