Бул жолу жаңыдан баш кошуп, түтүн булатканына аз гана убакыт болгон Адилет менен Саадаттын сүйүү баяны, үй-бүлөлүк жашоосу кандай өтүп жаткандыгы, ырчы Эрлан Андашевди кантип өкүл ата коюп калгандыгы тууралуу маектештик.
"Жубайым экөөбүз "кавер" тартып жүрүп таанышып калганбыз. Аз гана убакыт сүйлөштүк. Андан соң баш коштук. Өкүл атабыз ырчы Эрлан Андашев болду. Башында макулдугун бербесе керек дегенбиз, бирок жубайым сүйүнүп Эрлан байке өкүл ата болгонго макулдугун берди деди. Мен жубайымдын таарынычын жазам деп жүрүп эле жактырып калдым", - дейт Адилет Тыныбеков.