Акыркы учурда көпчүлүк алпаруучу, актриса Назира Айтбекованын "ысык" сүрөттөрүн талкуулап жатат. Өзү айтмакчы, "тентек кыздын" бир образы укмуш бум жаратып жибергени кызык. Ал эмнеге мындай сүрөт жарыялаганы, коомчулуктун ага карата айтылган сын-пикирлер туурасында айтып берди.
"Менин оюмча, адамдар азыр экономикалык жактан кыйналып жаткандыр. Карантинден кийин оор учур болуп жатат. Балким, стресске, депрессияга түшүп жаткандыр, айрымдары ачка отурушу мүмкүн, адамдар ошол нерсесин менден чыгарып жаткан сыяктуу. Ушул сүрөттөрүмдү жарыялагандан соң уулум, апа хейтерлерге көңүл бурбаңыз, себеби алар сиздин дагы да иштешиңизге түрткү болот деди.
Уулум интернетке кирбейт, ал үчүл ал жак кызыксыз, жадакалса уулум мен тартылган тасмаларды көрбөйт", - дейт Айтбекова.