Бишкек-Торугарт унаа жолунда автокырсык болуп, 8 адам көз жумду

17-ноябрда саат 17:10 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунда автокырсык болуп, 8 адам каза тапты. Жаракат алгандардын саны 23 экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мерседес Бенц Спринтер унаасы менен Хонда Аккорд унаасы сүзүшүптүр. Жаракат алгандар Кемин райондук ооруканасына жеткирилди.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын алдын ала берген маалыматы боюнча, жол кырсыгына жеңил автоунаанын айдоочусу себепкер болду. Кемин райондук ички иштер башкармалыгы: "Маалыматтарга таянсак, кырсыкка оң рулдуу Хонда Аккорд унаасынын айдоочусу күнөөлүү. Ал каршылаш келе жаткан унаанын жолуна чыгып кеткен. Окуя боюнча териштирүү уланып жатат",- деп билдирүү жасады. 

Каза тапкандардын аты-жөнү такталууда, жаракат алгандардын тизмеси төмөндө.

 

1. Гүлзат Жаркынбаева, 1986-жылы төрөлгөн. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Сай айылынын жашоочусу.

2. Азамат Жумабаев, 1987-жылы төрөлгөн. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын жашоочусу.

3. Жылдыз Саматова, 1984-жылы төрөлгөн. Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунун жашоочусу. 

4. Эрназар Ракымзаков, 2011-жылы төрөлгөн. Ысык-Көл облусунун  Жети-Өгүз  районундагы Светлая Поляна айылынын жашоочусу. 

5. Бермет Өмүрбекова, 1991-жылы төрөлгөн. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айылынын жашоочусу. 

6. Назик Иманалиева, 1989-жылы төрөлгөн. Ош облусунун Алай районунун Корул айылынын жашоочусу.

7. Малика Аттокурова, 2012-жылы төрөлгөн. Ош облусунун Алай районунун Корул айылынын жашоочусу.

8. Өзбек Иманалиев, 1961-жылы төрөлгөн. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Сары-Талаа айылынын жашоочусу. 

9. Бек Өзбек уулу, 1994-жылы төрөлгөн. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Сары-Талаа айылынын жашоочусу. 

10. Чынаркүл Талканбаева, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Сары-Талаа айылынын жашоочусу. 

11. Канат Ажибеков, 1984-жылы төрөлгөн. Ысык-Көл облусунун  Ак-Суу районунун Теплоключенка  айылынын жашоочусу.

12. Махабат Искакова, 1986-жылы төрөлгөн. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка  айылынын жашоочусу.

13. Алексей Кудатенов, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз  районундагы Кызыл-Суу айылынын жашоочусу. 

14. Айжан Сарыбаева, 1979-жылы төрөлгөн. Ысык-Көл облусунун  Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылынын жашоочусу. 

15. Бегимай Жумадылова, 2006-жылы төрөлгөн. Ысык-Көл облусунун  Жети-Өгүз районундагы Тосор  айылынын жашоочусу. 

16. Марсел Жумадылов, 2004-жылы төрөлгөн. Ысык-Көл облусунун  Жети-Өгүз районундагы Тосор айылынын жашоочусу. 

17. Алмазбек Жунушов, 1981-жылы төрөлгөн. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын жашоочусу. 

18. Алтынбек Табалды уулу, 1990-жылы төрөлгөн. Ысык-Көл облусунун  Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылынын жашоочусу.   

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
kuzya90
2013-11-18 10:05:00
оз козум м,н кордум,аллахым айттырбай келген кырсыктардан бир озу сактасын
0
Ernestik
2013-11-18 10:06:07
Кырсык каш кабактын ортосунда. Бейиштерин берсин кудайым.
0
Specsgruppa_NSS
2013-11-18 10:13:13
Аллахым отуп кеткендерге бейиштен орун берсин!
Урматту жанылыктын автору, Ысыкколдун Жети огуз райнунда "Өргөчөр" деген айыл жок. Оргочор деген бар!... Спринтерде 18 адам болгон болсо,8и каза тапса. Жогорудагы тизмеде кайра эле 18адам журотко...
0
admin_superstan
2013-11-18 11:27:00
Specsgruppa_NSS, эки унаада жалпысынан 31 адам болгон. Жаракат алгандардын саны 23, каза болгондордун саны 8. Тизмеде жаракат алган 18 адамдын аты-жөнү жазылган. Ал эми айылдын атындагы ката оңдолду. Рахмат!
0
saru
2013-11-19 06:28:58
Specsgruppa_NSS, Оргочор эле деп турбайбы бир тууган,ал эми женил автоунаадагы жургунчулор эчепке алынбайбы.Сындагандан мурда,жакшылап окуйлучу.
0
kuzya90
2013-11-18 10:46:34
хонда аккордтогу кишилер не эсептелбейби,спринтер почти эч нерсе болбоптур женил машина экиге болунуп калыптыр
+1
acer11
2013-11-18 11:10:19
kuzya90, куно ОН рулду машинада катуу ылдамдыкта келгенго
0
MaRmeLaDka
2013-11-18 11:31:13
Урматтуу айдоочулар, канча кишинин өмүрү силердин колуңарда болот. Ошону эч качан унутпагылачы...
+1
Specsgruppa_NSS
2013-11-18 11:42:19
ЭМнеси болсо да айдоочулар абйлагылачы!.. Адамдын омуру баа жеткис экенин билебизго баарыбыз!
+1
Lui
2013-11-18 13:26:46
Көз жумгандардын жаткан жери жайлуу болсун! Менин кичинекей жээндерим да жаракат алышты..эртерээк сакайып кеткиле алтындарым! Айдоочулар, картошка ташып бара жаткандай кош көнүл болбой, кичине жоопкерчиликти сезе билгилечи!!!!!!!
+2
kaniet
2013-11-18 13:47:45
Каза тапкандардын арты кайырлуу болсун. Чындыгында азыр КРда 5 миллиондон ашыгыраак калк болсо, машина андан коп болсо керек. Айдоочулук куболук албай туруп машина алгандар андан да коп. Анан да алыскы рейске чыккандар сменшик алыпалыш керек да, акчанын артынан куубай, окуп олтуруп жанын кейит, копчулугу жаш оспурумдор анан бобоктор экен. Бир катанар менен канча адамды сыздатып жатасынар. Коорупция менен курошобуз деп атат ажобуз. Мына, МРЭОдон баштасын коррупция менен курошту.
+1
inoplanetyanin
2013-11-18 14:28:28
men da uwu kyrsykty ke4ee kordum, kaza bolgondordun jatkan jerleri jannat bolsun,al emi jakyndaryna sabyr bersin!
0
Aviator
2013-11-18 14:44:12
Кайтыш болгондордун жаткан жери жайлуу болсун. Кудайым боодо кырсыктан сактасын. Жайында колго баратып спринтерлер кандай журушот коргом. Спринтерлердин айдоочуларына самалет эле айдатыш керек.
0
saru
2013-11-18 19:44:01
Ээ жараткан Аллахым.Ушул каза болгон мусулман бир туугандарыбызга Фирдаус бейишинен орун бере кор.
0
асю
2013-11-19 14:36:10
жаткан жери жайлуу болсун. Кырсык айттырбай келет деген ушу да. Хонда айдап бараткан бала айылында эгиз балдарына туло берип шаарга кайра кетип бараткан экен. Биздин айылдагы байкенин жалгыз баласы болчу. Келини, эгиз балдары, эки бир тууган карындашы баары каза болуптур. Кудай кырсыктан сактасын.
0
Elizza
2013-11-19 22:50:06
Каза болгондордун арты кайрылуу болсун.Кырсык айттырбай келет деген ушудаа.....
0
zamirbeka
2013-11-21 00:28:50
Дагын эле катуу ылдамдык,хонда экиге болунуп кетиптир эмне деген ылдамдык?Жай айдаса 1саат кечигип бармак,жыйынтыгы адамдардын олуму оор жаракат алгандар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан