Улуттук статистикалык комитет аялдар менен эркектер карьерадан тышкары үй жумуштарына канча убакыт бөлөрүнө анализ жасашты. Анда бир суткада аялдар кызматынан тышкары үй чарбасына орточо эсеп менен 290 (5 сааттан ашык) мүнөт сарптаса, мырзалар 44 мүнөт бөлөрү айтылат.
Убакытты пайдалануу боюнча инфографикага карасак, анда шаар жергесинде айымдар карьерадан тышкары үйдөгү тиричиликке 243 мүнөт (4 сааттан ашык), эркектер 45 мүнөт коротору белгиленет. Ал эми айыл жергесинде аялдар үйдөгү жумуштарды аткарууга 325 мүнөт (дээрлик 6 саатка жакын), эркектер 43 мүнөт сарптайт. Бул бир суткалык көрсөткүч.