15-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 652 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Бүгүн, 15-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 652 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 140 метр куб, агып чыгышы 538 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Былтыр, 2020-жылдын 15-декабрында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 98 миллион метр кубду түзгөн.