Республикалык тери-венерология борборунун бошотулган имараттары кайрадан Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын карамагына өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевге байланышканыбызда билдирди.
"Республикалык тери-венерологиялык диспансер жугуштуу оорулар ооруканасына өткөрүлүп берилет деп жатышат. Бирок бизге буйрук келе элек", - деди Аалиев.