ӨКМ көл жээгинен кийимин таап, өзү дайынсыз болуп изделип жатат деген 26 жаштагы жаранды Ысык-Көл ОИИБи кылмыш ишине шектүү катары издеп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын басма сөз кызматкери Сталбек Усубакунов билдирди.
"Жети-Өгүздөгү май куюучу жайдын кызматкерин карактап кеткен окуя боюнча бул бала шектүүлөрдүн бири. Экөө кармалган, азыр ал изделип жатат. Өзүн жашыруу үчүн көл жээгине кийимдерин чечип коюшу мүмкүн. Кызматкерлер божомолдуу дарегин аныкташты, жакынкы убакта кармалат", - деди басма сөз кызматынан.
Буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда дайынсыз болуп жаткан 26 жаштагы жарандын кийимдери табылып, өзү жок деген маалыматты таратышкан.
Ал эми Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда май куюучу жайдын кызматкерин 14-декабрь күнү болжол менен саат 04:25 чамасында белгисиз үч бала ок атуучу курал менен коркутушуп, май куюучу жайдан акча каражатын карактап кеткен.