Айсулуу Мамашова алимент боюнча: "250-300 сом өлчөмдөгү алимент төлөгөн аталар бар"

SUPER.KG порталында жана You Tube каналындагы “Эркекче!” ток-шоу берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы жарык көрдү. Ток-шоунун бул жолку чыгарылышында алимент тууралуу кеп козголду. Анда үй-бүлө очогу урап, ортодогу балдарга мыйзамдуу түрдө бериле турган алиментти төлөбөй жүргөн аталар жөнүндө, балдарына алимент өндүрүү үчүн аракет кылган энелер жөнүндө түрдүү мисалдар менен кызуу талкуу жаралды.

Студиянын коногу Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова: "Балдардын укугун жактоо максатында мыйзамга бир нече беренелер киргизилген. Мисалы, карызкор алиментти 3 айдын ичинде төлөбөгөн болсо, анда ал чет мамлекеттерге чыга албайт.

Мурун мисалы, алиментти аз өлчөмдө төлөө максатында 1000 сом айлык алам деген маалымкат алып келип, жыйынтыгында 250-300 сом алимент төлөгөн аталар бар болчу. Жадакалса ошону дагы төлөбөгөндөрү да чыгат.

Бул маселени чечүү максатында алименттин минималдуу көлөмү 1850 сом деп бекитилди. Бул балага 1 айда керектелүүчү минималдуу акчанын 50 пайызы болуп эсептелинет", - деп мыйзамдагы жаңылануулар боюнча айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eli.91
2021-12-15 18:29:14
Уялбайбы оз баласына жалчыбаган акча берген кандай ата болду ошолор!Ал акчага азыркы кунго салыштырсан даже бумага келбей калган акмактар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан