Бүгүн, 15-декабрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Жапалак айыл аймагына караштуу Мээркан айылындагы жашоочуларга үйлөрдүн техникалык паспортторун тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган айылдын тургундары буга чейин мыйзамсыз курулган турак жайлары үчүн документ ала албай келишкен. Өлкө башчынын мындай абалдагы жашоочуларга документ берүү демилгесинен соң мэр Алмаз Мамбетов Ош шаарында бул көйгөйдү чечүү тапшырмасын койгон.
Натыйжада Жапалактагы 13 айылда 800гө жакын үй мыйзамсыз курулганы аныкталган. Анын ичинен 300 турак жайга техникалык изилдөө жүргүзүлгөн. Учурда калган үйлөрдө да мобилдик топтор иш алып барып жатканы маалымдалды.
Шаар башчысы техникалык паспортторду тапшыргандан сырткары жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн да укту. Анда Мээркан айылына коомдук транспорттордун каттамын көбөйтүү, таза суу маселелери айтылган.