Жалал-Абад шаарында мал санак жүрүп жатат

Жалал-Абад шаарынын аймагында мал-жандыктар жана үй канаттуулары каттоого алынууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мал санактын жыйынтыгы 25-декабрда белгилүү болот.

"Мындай иш-чара шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругу менен калаанын бардык аймактык башкарууларында жүргүзүлүүдө", - дешти мэриядан.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 2020-жылдын аягында 5 миң 97 уй, 13712 кой-эчки жана 20 миңге чукул үй канаттуулары катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан