Чүйдүн Токмок шаарында 16 жаштагы кызды унаа сүзүп, ал каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 14-декабрь күнү саат 15:40 чамасында Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде болгон.
"Мерседес-Бенц унаасы жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 16 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Кыз алган жаракаттарынын негизинде оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, кечинде каза болуп калган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.