Эне тилге эки мүнөт: "Ичмекейи ичинде", "итатайы тутулуу" фразеологизмдеринин маанисин чечмелейбиз

Эне тилге эки мүнөт рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында "итатайы тутулуу", "ичмекейи ичинде" жана "кабырга тууган" фразеологизмдеринин маанисин чечмелеп көрдүк. Аталган фразеологизмдеринин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев түшүндүрүп берди.

Итатайы тутулуу - жини келүү, кыжыры кайноо, ачуулануу жана туталануу дегендик. Аталган фразеологизм көркөм адабиятта кеңири колдонулат. Мисалы: Шайы оогон адамча илкий бараткан Акматты көрүп итатайы тутулду.

Ичмекейи ичинде - талант-өнөрлөрү же болбосо кылык-жоруктары ичине катылган, сыртынан көп сыр билгизбеген адамдарга карата айтылат. Мисалы: Өзгөчө ар дайым иштин оңоюн көздөп, маянанын көбүрөгүнө качырган, сыртынан караганда момун көрүнгөнү менен ичмекейи ичинде болгон менин дос сөрөйүм бул иште эч кимди алдына салдырбайт.

Кабырга тууган - алыскы тууган, кыйыр тууган, туугандыгы анча жакын эмес деген мааниде колдонулат. Мисалы: Кабак-Арт менен Сары-Колдон, кабырга тууган кыпчак бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан