Өлкөдө 1-январдан 15-декабрга чейинки аралыкта "Кара-Кече" көмүр кенинен 740 миң тонна көмүр казып алынды. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 243 миң тоннага көп экендигинен кабар берет. Себеби 2020-жылы бир жылда 497 миң тонна көмүр казылган дешти Энергетика министрлигинен.