Бишкекте жасалма номер менен жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-декабрда Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда болжол менен саат 02:20 чамасында Ибраимов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Honda Inspire үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
Кызматкерлер унаанын керектүү документтерин текшерген учурда 2001-жылы туулган Х.Э. аттуу айдоочу өзүнүн унаасынын мамлекеттик номерин жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты боюнча унаа убактылуу айып короо жайга токтотулуп, айдоочуга карата протокол түзүлүп, 15 миң сом айып салынып, жасалма номер алып салынган.