16-ноябрда Кара-Суу районунун Дыйкан айылынын Юбилейная көчөсүнүн жашоочусу А.Кудаяровдун үйүнөн өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен үй ээсинин 40 жаштагы агасы каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдар такталууда.