ЖЫЛНААМА, 16-ДЕКАБРЬ: 1899-жылы "Милан" футболдук клубу негизделген

1899-жылы 16-декабрда "Милан" футболдук клубу Альфред Эдвардс тарабынан негизделип, Милан шаарынын урматына "Милан" деп аталып калган.

Эң алгачкы машыктыруучусу Герберт Килпин болгон. Дал ошол Герберт Килпин клубдун кийимин жана түстөрүн ойлоп тапкан. Клубдун оюнчулары кызыл-кара түстө кийинишет. Кызыл түс шайтанды түшүндүрсө, кара - коркунуч делинген. Кийин көп жылдар бою командага Италиянын бир нече жолку премьер-министри Сильвио Берлускони ээлик кылган. 1900-жылы 11-мартта "Милан" өзүнүн алгачкы расмий эмес оюнун өткөрүп, "Медиоланума" деген клубдун оюнчулары менен беттешкен. Жыйынтыгында "Милан" 3:0 эсеби менен атаандашын жеңип алган. Бул жеңиш клубдун оюнчуларын шыктандырып, Италиянын Футбол федерациясына киришкен. Футболдук клуб Италиянын чемпиондугунда 18 жолу, ал эми УЕФАнын Чемпиндор Лигасында 7 жолу жеңишке жеткен.

16-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан