15-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы атайын багыттагы полктун кызматкерлерине атайын инструктаж өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Инстуктаж көрүлгөн чаралар жарандардын жана борбор калаанын конокторунун коомдук коопсуздугун камсыздоо жана укук тартибин коргоо боюнча Бишкек шаардык милициясынын сапаттуу ишин күчөтүүгө багытталган.
"2021-жылдын 15-декабрынан 2022-жылдын 10-январына чейин жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу борбор калаанын ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Азыр борборду 500гө жакын милиция кызматкерлери күнү-түнү коомдук коопсуздукту камсыз кылууда, Жаңы жыл алдында кызматкерлердин саны көбөйөт", - деп билдирди басма сөз кызматынан.