Өлкөдө коронавирустан 2 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен каза болгон эки адам Бишкектен.
Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2777 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 1133, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1644.