Ошто жанаша жайгашкан үйлөр өрттөнүп 3 адам ооруканага жеткирилди

Ош шаарында жанаша жайгашкан үйлөр күйдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жалпы аянты 360 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйүп, өрт жанында жайгашкан үйгө өтүп жыгач устундуу шифер менен жабылган үйдүн 70 чарчы метр чатыры күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 3 жаран жабыркап "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Өрт таңкы саат 06:02 чамасында өчкөн.

Өрттүн себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан