Роза Шакирова SUPER.KG порталына берген маегинде ал агынан жарылып, буга чейин ооз ачпай келген темалар тууралуу кеп козгоду.
Ырчы айым үстүбүздөгү жылы бир тууган эжеси Салтанат Шакировадан айрылып калганын айтып, көзүнө жаш алды: "Эжемден айрылып калышыбыз бул кокустук болду. Ал Орусия жергесинде жакшы эле иштеп жүргөн. Бир күнү эле "Роза, мен коронавирус болуп калыптырмын, дарыгерлер үйдөн дарылан деп коюшту" деп чалып калды.
Акыркы жолу эжемди дарыгерлер алып кетип жатканда "Роза, сактап кал" деп кыйкырганы эсимде. Ошол үнү дагы деле кулагымда жаңырып турат. Эжем күндө түшүмө кирет".