
Бишкекте жүргүнчү ташыган №206 маршруту каттамдан алынды. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, маршруттук каттамдын линиядан алынышына
Мурас-Ордо конушунун тургундарынын кайрылуусу себеп болгон.
"Тургундар аталган маршруттук каттам канааттандырарлык эмес иштеп жаткандыгын айтып, калаа башкармалыгы "Жазада-Транс" ишканасы менен келишимди токтотту. Маршруттун жабылышына байланыштуу тез арада №41 (Мурас-Ордо – Ош базары) автобус үч айлык мөөнөт менен каттамга чыкты.
Бүгүнкү күндө 7 автобус каттамга чыккан", - дешет мэриянын басма сөз кызматынан.
Коомдук транспорт боюнча суроолор болсо 0(502) 205 202 номерине байланышууга болот.