Ош облусунун Өзгөн районунда дайынсыз болуп изделип жаткан Асемай Полотова табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-ноябрь күнү саат болжол менен 12:00 чамаларында 15 жаштагы Асемай Полотова Куршаб айылындагы мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып, апасы арыз менен милицияга кайрылган.
Аталган факты маалымат журналына катталып, тергөө иштери башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө дайынсыз болуп изделип жаткан кыздын жүргөн жери такталып 11-декабрда Өзгөн РИИБинин кызматкерлери тарабынан Ош шаарынан табылып, ата-энесине кайтарылып берилген.