Оштогу оорукананын жетекчиси Жапаровго шыпыргылар боюнча жооп берди

Кечээ, 15-декабрда мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам долбоорунун коомдук талкуулоосунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамда коррупциялык тобоелдиктер бар экенин айтып, Мамлекеттик сатып алуулар порталында 2021-жылдын башынан бери ооруканалардын бири 6800 шыпыргы сатып алганына токтолгон.

Министрлер кабинетинин төрагасы күмөн жараткан 7 миң шыпыргы Кара-Суу районундагы ооруканага муктаждык боюнча сатып алынган. Бул тууралуу аталган оорукананын жетекчиси Гүлкайыр Муратованын билдирүүсүндө айтылат.

Оорукана жетекчисинин кайрылуусу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырылды.

Анда министрлер кабинетинин жетекчиси мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам долбоорунун коомдук талкуулоосу учурунда аталган оорукана тууралуу айтканы, бирок ал буюмдар оорукананын зарыл болгон муктаждык менен сатылып алынганы айтылат.

“Эгер сатылып алынган 6800 шыпыргыны, бул ооруканынын карамагындагы 107 медициналык түзүмдөргө бөлсөк айына 5-6дан гана шыпыргы тиет. Мындан азайтууга болбойт”, - деген Муратова.

Ошондой эле маалыматта Финансы министрлиги аталган ооруканада текшерүүлөрдү жүргүзгөнүн, керектүү документтердин баары оорукана тарабынан көрсөтүлгөнү айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Jibani
2021-12-16 11:42:49
Бир айга деле 6-7коп эмеспи?
+10
forever88
2021-12-16 12:35:38
Ооруканаларда шыпыргы колдонулбайт
+9
JaneEr
2021-12-16 14:15:27
Койчай Аллах жазанарды берсин!
+5
Dembele84
2021-12-17 10:29:35
Саартан кечке шыпырып эле журот экенсинер да анда,полун деле кочосун деле
+8
Nara5
2021-12-17 10:38:43
Оору кананын полун желитип таштайт экенсинер байкуштар шыпыра берип. Азыраак шыпыргыла э акчаны дагы полду дагы
+4
Aimani
2021-12-17 11:27:17
Бир ооруканада отделениелери бар да.бир шыпыргы бир биринен сурап жүрмөк беле.терапия,кардиология, детский, реанимация ж.б.у.с. короо шыпырган,туалет, кухня өз өзүнчө болсо керек. Жөн эле сындай бербейли.
+1
Antiradikal10
2021-12-17 22:06:21
Бул оорукананын имаратынын ичин эмес, тышты шыпырган шыпыргылар болсо керек. Санитаркалар тыштагы тротуар ж.б.жерлерди шыпырып, мусордон арылтып, бак-дарактарды актап журушкон болот го.

Бирок 107 тузум болгондо да, 5-6дан эмес, 50-60тан тийет. Математиканы эки менен бутургонбу не? 50-60 даана шыпыргы бир жыл учун коп...

Коррупция албетте, 7000 даана шыпыргы коптук кылат албетте. Эми 30-50 мин сом жеп калайын десе керек да. Чон масштабда коррупция эмес го, бирок ошондой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан