Ош шаарында Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын сүрөтчүлөрүнүн коомдук искусствого арналган облустук көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземине Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөр, сүрөтчүлөр жана искусство сүйүүчүлөрү катышты.
"Көргөзмөгө Андижан, Бишкек, Жалал-Абад жана Ош боюнча 10 сүрөтчүнүн эмгектери коюлду. Аталган көргөзмөнүн уюштуруучусу Бактыгүл Мидинованын айтымында, ар бир сүрөтчүнүн 4төн эмгектери коюлган. Алар ар кандай жанрда. Иш-чаранын максаты - актуалдуу социалдык суроолорду сүрөтчүлөрдүн эмгектеринде чагылдырууга багытталган", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, көргөзмө Т.Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде 15-январга чейин уланат.