Кыргыз өлкөсү Ооганстанга күйүүчү майды экспорттой баштаганы маалымдалды

Кыргыз өлкөсү Ооганстанга күйүүчү майларды экспорттой баштады. Бул тууралуу Pajhwok Afghan News аттуу Ооган басылмасы жазып чыккан.

Маалыматка ылайык, Кыргыз жергесинен акыркы 10 жылда биринчи жолу күйүүчү май Шерхан Бандар аркылуу түндүктөгү Кундуз провинциясына кирген. Кундуз шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Матин Юсуфзай Кыргыз өлкөсүнөн күйүүчү майлар көп жылдардан кийин ташыла баштаганын билдирген. Порт аркылуу күйүүчү май ташууну кайра баштаган соодагерлер өкмөттөн аларга жай берүүнү суранышкан.

"Шерхан Бандар аркылуу ташып келүү күйүүчү майдын баасын арзандатуу менен гана чектелбестен порттун кирешесине да оң таасирин тийгизет. "10 жылдан кийин Шерхан жана Йинг Шах Алла порту аркылуу Кундузга күйүүчү май кирген, бул порттон күйүүчү майдын импорттолушу баага оң таасирин тийгизет", - деди Матин Юсуфзай.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bazar
2021-12-16 11:32:43
Бизде эмнеге эле кымбаттап жатат десе...
+7
bond02
2021-12-16 11:51:44
Вот это поворот, ха ха.
+8
Dembele84
2021-12-16 15:03:20
Бул эки достун калпы дагы чыктыбы ошондо?
+2
AdylbekB84
2021-12-16 15:04:55
Тажикистанга элдер өткөрбөй койсо эми Афганистанга баштаптырда сатышты, чоңдорубуз оңолбодуго!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан