16-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 617 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Бүгүн, 16-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 617 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 181 метр куб, агып чыгышы 579 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Былтыр, 2020-жылдын 16-декабрында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 миллиард 44 миллион метр кубду түзгөн.