Бишкектин Чүй жана Эркиндик бульварында балдар арасында мушташ чыгып 2 жаран ооруканага жеткирилди

Бишкектин Чүй жана Эркиндик бульварында балдар арасында мушташ чыгып, 2 жаран ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 15-декабрда болгон.

"Топтошкон балдардын арасында чыр чыккан. Милиция барганда 18 жаштагы бала ооруканага жеткирилген. Ал башынан жана колунан жаракат алган. Андан соң дагы 19 жаштагы бала ооруканага түшкөн. Эки жаран тең ооруканага түшкөндө мас абалда болушкан. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, иш териштирилип жатат", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан