УКМК: "Ооганстанга күйүүчү жай экспорттолууда деген маалымат жалган"

Ооганстанга Кыргыз өлкөсүнөн күйүүчү май импорттолуп жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 16-декабрга карата министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу, жарандарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулган. Ошондой эле министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, мунай жана мунай продуктуларын ЕАЭБдин чегинен тышкары экспорттоо убактылуу токтотулган. Мунай жана мунай зат продукциялары Кыргыз өлкөсүнөн сыртка ташылып чыгарылып жатат деген маалымат жалган.

Эскерте кетсек, Кыргыз өлкөсү Ооганстанга күйүүчү майларды экспорттой баштады деген маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
modem4999
2021-12-16 16:43:32
Казактар суу алдык дегендей эле болуптур да
+6
Sanjura
2021-12-16 16:53:34
Биздин мамлекетте бир нерсеге ишенич калдыбы ыя өзү?!Эртең менен бирөө башка түш оогондо башка сөз.Тообо,тообо кимге ишенериңди билбейсиң киши.
+5
bond0202
2021-12-16 17:38:31
Жуз жолу актансанар да жалганынар чыгып калды.
+2
Antiradikal10
2021-12-16 17:38:53
Сууну сатпадык деп жатышты эле, эми туштон кийин айыбы ачылган сон башкача суйлоп калышты.

ГСМ боюнча да ошондой болуп чыкса тан калбайм.
+1
Rusbayastan
2021-12-16 18:32:30
Бийлике озу баардык нерсе чындыка дал келбейт,элдер калп суйлойт бийликтегилер суудан ап апак.
+2
Lev79
2021-12-16 18:34:18
Оогандарга ишенсе болот Биздин бийликтин 9сөзү жалган бирөө күмөн.
+2
abdykapar
2021-12-16 19:52:51
Оогандыктар оздору жазып жататго.же бийздин бийликтегилердин душмандары оогандыктардын атынан урдуруп жиберди бекен ыя?
0
Ali-5
2021-12-16 20:30:41
Күйүүчү жай болуп калыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан