Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын 18-ноябрда берген
маалыматына ылайык, Көк-Жар жаңы конушунун 29 жаштагы жашоочусу Г.Жанарбек зордуктоо кылмышына шектелип кармалды.
Милицияга Ак-Ордо конушунун 30
жаштагы жашоочусу С.Рахат кайрылган. Арызында 17 жаштагы сиңдиси А.Каныкей белгисиз адам тарабынан күч колдонуп
зордукталганын айткан. Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан шектүү жаран кармалып, Ленин райондук Ички иштер башкармалыгы иликтөөлөрдү жүргүзүүдө.
Шектүү жаран шаардык убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.