Народный дүкөнүнөн Жаңы жылдык сунуштар: Белектерди сатып алып, үйлөрдү кооздоп, меню түзөбүз

Жаңы жыл майрамынын алдында Народный дүкөнү тармактын кардарлары үчүн атайын сунуш даярдады. Бул сунуш керектөөчүлөр үчүн 2021-жылдын 11-декабрынан баштап 2022-жылдын 15-январына чейин улантылат. Бул убакыт аралыгында ыңгайлуу баага белектерди даярдап, үйдү кооздоп, майрамдык стол үчүн керектүү азыктарды сатып алууга болот.

Белектерди тандоодо жаңы жылдык сүрөттөр түшүрүлгөн жумшак, жылуу пледге да көз салып койсоңуз болот. Народныйда пледдерге болгон баа 20 пайыз арзандатылды. Ашкана идиш-аяктары 50 пайызга чейинки арзандатуулар менен сатылууда. Белекке ылайыкталган "Я самая" косметикалык топтому да арзандатылган баасы менен сизди кубандырат. Оюнчуктар коюлган бөлүмгө да кирүүнү унутпаңыз, ал жактан сиз үй-бүлөңүздүн эң кенже мүчөсүнө, балатынын алдына коюп койгонго ылайыктуу белектерди таба аласыз. Кыздарга - LOL куурчактары, балдарга - оюнчук машиналар.

Баса, балаты тууралуу. Өтө чоң эмес көлөмдөгү балатылар Народный дүкөндөрүндө 20 пайыздык арзандатуулар менен сатылууда. Кассадан алыстабай туруп ал балатыны жасалгалоого керек болгон - шапка, тобурчак, шар жана башка товарларды ала аласыз. Үйдөгү майрамдык жасалгага дагы көрк кошуу үчүн Жаңы жылдык жамгырчалар бар, анын баасы болгону 15 сомдон. Жаркыраган кардын формасындагы жасалгалар топтому 125 сомдон сатыкта.

«Котенок Гав», «Карусель», «Елочка», «Пирамидка», «Фонарик» – буларсыз Жаңы жылды элестетүү мүмкүн эмес болгон кутудагы таттуулар салынган белектердин аталышы. Бул товарларга 26 пайыз арзандатуулар менен баа коюлду! Жаңы жылдык дасторкон үчүн кожойкелер ага чейин бузулуп кетпей турган азыктарды сатып ала берсе болот: паштеттер, консервалар, кызыл икра (лососко баалар 550 сомдон арзан). Суусундуктар сатылган бөлүмгө кирүүнү эстен чыгарбаңыз - текчелерде кенен ассортименттер бар.

"Арзандатуулар тууралуу угуп калып Жаңы жылга чейин бузулуп кетпей турган азык-түлүктөрдү алып коёюн деп келдим. 31-декабрга жакын сыр алам. Бизге "Монарх" жагат. Майрамга карата ал демейдегиден 220 сомго арзан экен", - деди Бишкектин тургуну Алина Рустамова.

Арзандатуулар жүрүп жаткан бардык товарлар Народныйдын Жаңы жылдык каталогуна топтолду. Аны керектөөчү карап чыгып, товарлар, баалары менен таанышып, алдын ала ала турган азыктарынын тизмесин так түзө алат. Азык-түлүктөрдүн толук ассортименти жана атайын сунуштар менен толук таанышуу үчүн бул жерди басыңыз.

Майрамга Народный менен чогуу даярданабыз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан