Чүй ОИИББинин жетекчилиги улуттук диаспоралардын өкүлдөрү менен жолугушту

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги улуттук диаспоралардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 16-декабрда болуп өткөн.

Жыйындын максаты - улуттар аралык негизде чыр-чатактардын келип чыгышын алдын алуу, өз ара сабырдуулукту, мыйзамдуулукту сактоонун зарылдыгын, тартипти бузуунун укуктук кесепеттерин талкуулоо.
Ошондой эле катышуучулар өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого багытталган өз ара аракеттенүү жана профилактикалык иш-чаралар, жаштар чөйрөсүндө терроризм жана экстремизмдин алдын алуу, бири-бирине жана ар улуттун өкүлдөрүнө сабырдуулукту сактоо маселелерине токтолуп кетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан