Араб инвесторлору Ош облусуна ири ишкана курууну сунуштады

Дубайда "ЭКСПО-2020" жарманкесинин алкагында Кыргыз Республикасынын күндөрү өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган расмий делегация барды. Аталган делегациянын курамында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов барган.
"Аталган иш-чаранын алкагында Ош облусунун башчысы араб ишкерлери менен жолукту. Араб инвесторлору тараптан Ошто кургатылган жемиш таңгактоочу ишкана куруу үчүн кызыкдар инвесторлордон сунуш түшкөн. Анткени Ош стратегиялык, экономикалык мааниге ээ аймак жана Араб өлкөлөрүндө Ош облусундагы "Алайку тоо балы" бренди менен жана Чоң-Алай ишкерлери сунуштаган балды чоң суроо-талап менен колдонуп келишет. Ошондой эле араб инвесторлору тоо туризмине кызыгуусун билдирди", - дешти президенттин Оштогу өкүлчүлүгүнөн.
Эскерте кетсек, Кара-Суу районунда ири логистикалык борбор куруу үчүн жер участогун трансформациялоо иштери аяктаганы калган. Ош облус башчысы Зиядин Жамалдинов ушул багытта иштер колго алына тургандыгын билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2021-12-16 22:41:01
Ачкылачы Ошко завод
+2
Isken90
2021-12-17 01:56:40
Акылбек Жапаров шапкесин сурабай тур качырып жибербейли
+3
KG-312
2021-12-17 11:45:19
Макул деп туруп, 10 млн $ шапка сурагыла, силер шапкасыз инвестор тарталбайсыңар!!!
0
Kolyaa
2021-12-20 04:08:05
Dembele84 Аттыкына ачабы? Башыңды иштетчи дөөрүбөй. Электр энергиясын өзүңө жеткире албай атасын кайсы инвестор келет?

Инвестор сага окшогон келесоо эмес шарты бар жерде иш кылат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан