17-ноябрда Бишкек-Торугарт унаа жолундагы автокырсыктан жалпы 21 адам жаракат алды. Алардын ичинен 8 адамдын жарааты жеңил болгондуктан жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө жиберилди. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Super.kg порталына Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"4 адамдын жарааты жеңил болгондуктан Кемин районундагы ооруканага жаткырылды. Ал эми калган 9 жабырлануучу Бишкектеги Травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алынып келинди. Жабырлануучулардын экөөсүнүн абалы оор болгондуктан, алар жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бирөөсүн кош бойлуулугуна байланыштуу борбордогу №6-төрөт үйүнө котордук. Калган жабырлануучулар алган жарааты боюнча бөлүмдөргө жайгаштырылып жатат”, -дейт министрликтин басма сөз катчысы Анарбек Алимахунов.
Эскерте кетсек, 17-ноябрда аталган унаа жолунда Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү кичи автобус менен оң рулдуу Хонда Аккорд унаасы сүзүшкөн. 8 адам каза тапты.