Маалыматка ылайык, ЮНЕСКО комитети Париж шаарында сунуштарды онлайн караган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Улуттук тарых музейинде демилгени онлайн сунуштады.
Жыйынтыгында "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты" номинациясында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине киргизилди.