Бишкекте батирден 24 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Куткаруучулар Бишкек шаарынын Сыдыков көчөсүндө жайгашкан батирлердин бириндеги бекилип калган эшикти ачышканда, ичинен 1997-жылы туулган К.К. аттуу кыздын жансыз денеси табылган. Маркумдун сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилген. Эшикти ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.