Жалал-Абадда кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жалал-Абаддагы кампалардын биринде өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге саат 20:55те өрт өчүрүүчүлөр тартылып, саат 23:00дө өрт толук өчүрүлдү. Өрт электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан келип чыккан.