Чыгым 373 миң доллар. Чүйдө ири өлчөмдөгү уурулукка шектелип 10 жаран кармалды

Чүйдө уурулукка шектелип 10 адам колго түшүрүлдү. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүүлөр эки ирет уурулук жасашкан.

Райондогу ишканалардын биринин директору арыз менен кайрылган. Анда 30-сентябрга караган түнү белгисиз адамдар Моңолдор айыл аймагындагы "Калинин ГЭСте" жайгашкан контейнердин кулпусун сындырып кирип, ал жерден 24 даана сервердин системдик блогун, 17 даана "В9" үлгүдөгү жана "В8" үлгүдөгү 7 даана аппаратын, 2 даана маршрутизатор, 1 даана маршрутизатор модеми, 20 даана блок питанияларын уурдап кетишкен. Келтирилген материалдык чыгым 73 миң долларды түзгөн.

Ал эми 24-ноябрда ушундай эле арыз менен Сокулук районундагы ишканалардын биринин директору райондук милиция бөлүмүнө кайрылган. Анда Асыл-Баш айылынын түштүк тарабында жайгашкан майнинг ферманын контейнеринен белгисиз бирөөлөр 97 даана майнинг аппараттарын уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгым 300 миң долларды түзгөн.

Бул фактылар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн.

"Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы ири өлчөмдөгү уурулукка шектелип 10 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Кармалгандардын биринин үйүнөн майнинг ферманын 75 даана аппараты жана 87 даана блогу алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - дешти башкармалыктан.

Кармалгандар:

-1986-жылы туулган Т.Т., буга чейин соттолгон;
-1991-жылы туулган Б.Н.;
-1980-жылы туулган Ж.С.;
-1990-жылы туулган М.К.;
-1991-жылы туулган И.М.;
-1992-жылы туулган Д.А.;
-1984-жылы туулган А.У.;
-1989-жылы туулган А.О.;
-1992-жылы туулган Э.С.;
-1987-жылы туулган М.Ж.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан