Президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген "2022-жылды тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы" деп жарыялоо боюнча резолюциянын долбоору Бириккен улуттар уюмунун пленардык отурумунда каралып жактырылды. Бул туурасында АКШнын Кыргыз жергесиндеги элчилигинен кабарлашып, уюмдун отуруму 16-декабрда болгонун белгилешти.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Глазго шаарында Бириккен улуттар уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча 26-конференциясына катышып, сөз сүйлөп, "2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы" деп жарыялоо демилгесин
көтөргөн.
"Өткөн аптада Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен жолугуп, АКШнын бийлиги кыргыз президентинин жогорудагыдай демилгесине тең демөөрчүлүк кылып, аны колдоп берүүнү өтүнгөн. Натыйжада, 9-декабрь күнү АКШнын БУУдагы өкүлчүлүгү тарабынан аталган резолюцияга тең-демөөрчүлүк кылууга макулдук берилип, резолюциянын долбоору БУУнун 16-декабрындагы пленардык отурумунда каралып жактырылды", - деп айтылат маалыматта.