Орусиялык мушкер Магомед Исмаиловдун үй-бүлөсүндө трагедия болду

Белгилүү орусиялык ММА мушкери Магомед Исмаилов жакындарынан айрылды. Бул тууралуу мушкер өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, анын бир тууган агасы, жеңеси жана иниси жол кырсыгынан каза болгон.

"Байкем аялы жана уулу менен жол кырсыгынан каза болду. Аларды күтүүсүз өлүм алып кетти. Өлүм периштеси бир мүнөт дагы эрте же кеч эмес, ал жазылган күнү так келет. Жүрөгүм сыздап жатат, бирок сабырдуу болуу жана аларга дуба кылуу менин колумдан келген эң жакшы нерсе", - деп жазды ал.

17-октябрда Орусиянын Сочи шаарында "AMC Fight Nights 105" турнири өтүп, анда белгилүү мушкерлер Магомед Исмаилов менен Владимир Минеев кез келип, Минеев беттештин үчүнчү бөлүгүндө Исмаиловду техникалык нокаутка учуратып жеңишке жеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abdizhapar
2021-12-17 13:17:12
Инна лилляхи ва инна иляйхи раджиун
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан