Сымбат Маратбек Кыргыз өлкөсүндө электромобилдерди саткан "Spark" компаниясынын ээси эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган компаниянын жетекчиси Искендер Сулейманов билдирди.
Анын айтуусуна караганда, Сымбат Маратбек "Spark" компаниясында жалданма кызматкер катары иштейт.
"Spark" компаниясы чындап эле Кыргыз өлкөсүнө электромобилдерди алып келүүнү пландоодо. Ал эми Сымбат Маратбек бул компаниянын ээси эмес, кызматкери. Компаниянын түптөөчүсү жана ээси менмин. Талкуу болгон интервьюда ал үй-бүлөсүнүн атынан эмес, компаниянын атынан сүйлөгөн”, - дейт Сулейманов.
Буга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Марат Бакиевдин кызы Сымбат Маратбек Кыргыз өлкөсүнө электромобилдерди алып келет деген маалымат чыккан.