"Манас" аэропортунда коюу туманга байланыштуу аба каттамдар кармалууда

"Манас" эл аралык аэропортунда 17-декабрь саат 00:00дөн тарта коюу туман байкалууда. Аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалып жатканын аэропорттун басма сөз кызматынан маалымдашты.
Белгилүү болгондой, Алматыдагы кошумча аэродромго Стамбулда, Дубайдан жана Москвадан учкан 3 учак конду. Ошондой эле дагы бир учак Оштогу кошумча аэродромго конуу жасады.
Андан тышкары Нур-Султан жана Алматыдан уча турган каттамдары да кармалууда.
Аба каттамдары боюнча маалыматты "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алсаңыздар болот:
"Манас" - 0 312 693109;
"Ош" - 0 3222 90101.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан