Бишкекте сууга түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-декабрь күнү саат 21:38 чамасында Ленин районунун Чүй кең көчөсү менен Чкалов көчөсүнүн кесилишинде Ала-Арча суусуна 1957-жылы туулган С.А. аттуу эркек киши кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, аталган жаранды суудан алып чыгып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.