Бишкекте жол кырсыгынан 3 адам жаракат алып, 2 адам каза болду

Бишкекте жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу 18-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-ноябрда болжол менен саат 08:00дө Салиева көчөсүндө 57 жаштагы айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп алган. Жыйынтыгында Ысык-Ата районунун 35 жаштагы жашоочусу окуя болгон жерден каза болгон.

Ошол эле күнү саат 20:50дө Тынчтык проспектинде 3 автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. БМВ жана Ауди унаалары сүзүшүп, Аудинин айдоочусу кырсык болгон жерден каза тапкан. Жаракат алган 3 адам ооруканага жеткирилди. Иликтөө иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан