"Садыр Жапаров vs Өнөр". Кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата уюштурулган турнирде чүчү кулак тартылды

Кечээ, 16-декабрда Кыргыз футболдук союзунун кеңсесинде кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган мелдешинин чүчү кулак таштоо аземи өттү.
Бул мелдеш достук мүнөздө болуп, негизги максаты өлкөдө спортту өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат. Мелдешке президенттик администрация, улуттук футболдун ардагерлери, жалпыга маалымдоо каражаттары, спорттук уюмдардын өкүлдөрү, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана маданият ишмерлери катышат.
Чүчү кулактын жыйынтыгында алты команда эки тайпага бөлүндү:

А тайпасы:

"Алга";

"Бизнес-чөйрөсү";

"ЖМК";

В тайпасы:

"Президенттик администрация";

"Өнөр";

"Федерациялар"

Жеңүүчүлөр жана өз тайпаларында экинчи орунду ээлеген командалар тайпадан жарым финалга чыгышат.
Жарым финалдар:
A1 - B2
B1 - A2
Футбол боюнча бул турнирге өлкө башчы Садыр Жапаров дагы катышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
TIMON_BERKOWITZ
2021-12-17 10:58:54
Садыр ава еще и футболист?))
+2
Asyl.jazi
2021-12-17 11:20:33
TIMON_BERKOWITZ,ырчы болгондон жакшы да
-1
Aimani
2021-12-17 11:35:33
Asyl.jazi,Ырчы,бийчи,боксёр, куудул дар болгон эми футболист
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан