Ош шаарында кечээ, 16-декабрда жаңы жылдык балатынын оту жанды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Салтанатка шаар мэри Алмаз Мамбетов, шаар тургундары жана жаштар катышты. Иш-чарада жаңы жылдык ырлар жаңырып, жаштардын бийи менен коштолду.
Алдыда аянтта жарманке уюштурулуп, мында келгендер эс алып жүрүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүлөт.
Эскерте кетсек, быйыл Ош шаарындагы балатынын бийиктиги 31 метрди түздү.