Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда май куюучу жайды карактоого шектелип, издөөгө алынган үчүнчү шектүү кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ыкчам иштердин натыйжасында 26 жаштагы А.А. аттуу шектүү Бишкек шаарынан кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда дайынсыз болуп жаткан 26 жаштагы жарандын кийимдери табылып, өзү жок деген маалыматты таратышкан.
Ал эми Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда май куюучу жайдын кызматкерин 14-декабрь күнү болжол менен саат 04:25 чамасында белгисиз үч бала ок атуучу курал менен коркутушуп, май куюучу жайдан акча каражатын карактап кеткен.