Токтобүбү Оргалча: "Жанар инимди бир тууган инимдей көрөм"

"Альянс" партиясынан парламенттин депутаттыгына талапкер Токтобүбү Оргалча социалдык тармактагы баракчасы аркылуу дагы бир жолу кайрылуу жасап, чындыкты бурмалабоого чакырып өттү. Андан сырткары биринчи айым Айгүл Жапарова менен байланышы жоктугун айткан.

"Мени уйгур, кытай, шпион деп жатышат. Бул чындыкка дал келбейт. Ат-Башыдан кеткен чериктин кызымын. Чоң-аталарыбыз 1916-жылы үркүндө Ат-Башыдан Кытайга үркүшкөн. Таятам болсо Ат-Башынын Талды-Суу айылынан үркүндө үркүшкөн. Сиздер чериктерди тааныбасаңыздар Кытайдагы манасчы Жусуп Мамай дагы черик. Мен ошол кишинин небереси болуп кетем.

Мен Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгын алганда, Кытайдын жарандыгын расмий түрдө тапшыргам. Кечээ мандат берилгенден бери "биринчи айымдын досу экен, жакын экен" деген ушактар тарап жатат. Мен биринчи айымды жана президентти бир жолу да көргөн эмесмин. Мен жакындан да көргөн эмесмин, телевизордон анча-мынча көрүп жүрөм. Бул чындыкка дал келбейт, бирок ошол кишилердин саясатын колдойм. Чындыкка дал келбеген ушактар менен өзүңүздөрдү убара кылбаңыздар.

Жанар (ред. Жанар Акаев) инимди бир тууган инимдей көрөм. Жанар мени шайлоодо колдоп, кайын журтум Кадамжайга чейин барып келген. Экөөбүздүн ортобузда келишпестиктер жок. Кудайдын буйругу экен мыйзамдуу түрдө аялдардын квотасы менен келип жатам. Буга чейин "өтпөй калдым" деп айткан эмесмин, арызданган эмесмин. Ушуну түшүнбөй туруп эле мени жерден алып көргө чаап жатасыңар. Бири-бирибизди чукуй бербей, иш жасабайлыбы?", - деп айткан Оргалча.

Токтобүбү Оргалча социалдык тармактагы баракчасы аркылуу дагы бир жолу кайрылуу жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
bratanyn
2021-12-17 12:18:07
Бир тууган инимдей деп подхалимденбей эле койчу?антип айтсаң да айтбасаңда эч нерсе өзгөрбөйт
+3
Asmat84
2021-12-17 12:19:25
Көзүн тынбай ымдай берет экен го
+1
KaGaH
2021-12-17 17:41:05
Asmat84,кытайлар ымдашат адаты ушундай аларда, мүмкүн ошолордон жуккан ))
+1
KaGaH
2021-12-17 12:29:56
Жакшы иштей бериңиз!
-1
bond02
2021-12-17 12:36:07
Жанарды мандат алгандан кийин таанысан керек, ак уйго бара элек эле калп айтасын го.
+1
Beka1986
2021-12-17 12:40:21
Бир тууган иниңдей көрсөң берда анда мандатыңды,талашпай
0
modem4999
2021-12-17 12:47:11
Местасын алып алсан бир тууганындай коросун да, Жанар ким сен ким?
+1
Sakubek
2021-12-17 13:19:37
Көзүн миллион жолу ирмеди го. Калпты апыртканда ошондой болот
+3
Turdueva
2021-12-17 14:06:23
Насип экен депутат болуптур Жанар Акаев болбой калыптыр Насип буйрубаптыр моюнга алыш керек да
+1
Nina.alex
2021-12-17 15:23:25
Эч ишенич жок ушул аялга
+1
Antiradikal10
2021-12-18 09:52:14
Карап туруп биринен бири откон шумдуктар депутат болуп жатканын коруп кантип тунулбойсун. Таза шайлоо деп элди алдап кайра эле акчалуу чимкириктер келип жатат. Жанар депутат болсун десен эки жуздуу, подхалим бири. Кечээ эле бийликке жагынып таза шайлоо отту деп жанын жеп калп айтып жаткан, качан гана креслого жетпей калганда башкача суйлоп баштады. Оргалчанар кебетесинен кыргызга куйооруно ишенбей турам. Макале, сексалю, Матраимов ж.б. Кыйрата турган бири корунбойт.
0
Antiradikal10
2021-12-18 09:56:34
Алиевинерди мен тааныбайм. Кыйрата турган болсо коромун, эмнени кыйратаар экен. Эрулан Кокуловунар саясатка кадам таштаганда чалынып жатат, бир мандаттуу округдар турса бийликтин партиясына кошулуп. Эми кааласа каалабаса да ошол партиянын ырын ырдап чыгат. Уже крит. Нарматованы айткым да келбейт. Мадумаров да уже кыйратпайт. Ким менен болсо да иштеше берем деп журуп, партиясына баарын ала берип, озунун туруктуу позициясы жок экенин билдирип, электоратынын кобунон кол жууду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан