"Кыргызстандын тарыхы сүрөттөрдө. Балдар" аталышындагы көргөзмө ачылды


Бишкекте кыргыз тарыхын чагылдырган сүрөт көргөзмө ачылды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, көргөзмө ЮНИСЕФтин 75 жылдыгына карата уюштурулду.
"Кыргызстандын тарыхы сүрөттөрдө. Балдар" аталышындагы сүрөт көргөзмөгө 50 эмгек коюлган. Анда 1946-жылдан берки сүрөттөр коюлуп, балдардын сейрек сүрөттөрү аркылуу тарыхты айтуу максаты камтылат.
Көргөзмө 17-декабрда саат 14:00дө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрүнүн, иш-чаранын өнөктөштөрүнүн катышуусунда ачылды. Сүрөт көргөзмө 2 аптага созулат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан