Бишкекти Жаңы жылга карата жасалгалоо иштерине 2 жарым миллион сом сарпталды. Кооздоо иштери дагы улантылат

Борбор шаарды Жаңы жылга карата кооздоого бүгүнкү күндө 2 жарым миллион сом коротулду. Бул тууралуу "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Айбек Чодонов билдирди.


Анын айтымында, шаарды жалпы кооздоого тендер жарыяланып, 4 миллион сом 972 миң сомго компаниялардын бири уткан.

"Биз кооздоо иштерин ноябрда баштаганбыз. 4 миллион 972 миң сомго компаниялардын бири тендерден уткан. Ушул убакка чейин 2 миллион 568 миң сомго кооздоо иштери жүрдү. Жасалгалоо иштери улантылат", - деди Чодонов.

Ошондой эле бул ирет өзгөчөлүк катары келе жаткан Жолборс жылына карата "Ала-Тоо" аянтына жолборстун сөлөкөтү коюлганын, аянттагы имараттарга атайын оюнчуктар илингенин, желектер, бугулардын сүрөттөрү түшүрүлгөнүн да билдирди.

Буга чейин "Ала-Тоо" аянтындагы Жаңы жылдык балатыны жасалгалоого "Бишкек жарык" ишканасы 5 миллион 687 миң 500 сомдук тендер өткөргөнү кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KG-312
2021-12-17 11:42:28
Мусорго 2,5 млн мусор кетти ёлки!!@
0
bazar
2021-12-17 14:23:37
Ушунча акчаны "мусорго" кетирбей диванный эксперттерге бирдик салып берип койсо жакшы болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан